Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Ушуну менен жалпы бейтаптардын саны 419 болду.
Жаны учурлар:
Бишкекте шаарында – 10,
Чуй облусунда – 6,
Ош облусунда – 9,
Ош шаарында – 5,
Жалал-Абад облусунда – 2,
Нарын облусунда – 9,
Баткен облусунда – 1.
Катталгандардын арасында 19 медицина кызматкерлери бар.
Ал эми инфекция аныкталган беш киши каза болгон.