Атайын ресурс жана мобилдик тиркеме үй карантинине (инфекцияны жуктурган эмес) жайгаштырылган жактарга карата гана колдонулат. Тиркеме карантин мезгилинде тийиштүү милдеттенмеге кол койгон жарандын ыктыярдуу макулдугу менен гана телефонго орнотулат.

Мобилдик тиркеменин иш алып баруусу адамдарга медициналык кызматкерлердин ден соолугунун абалы тууралуу маалымат берет. Ошондой эле, тиркеме бейтаптардын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүп, дарыгерлердин ишине жеңилдик берет.
Үй карантиндеги адамдар шашылыш учурда жана ден соолугу начарлап кеткенде, шашылыш SOS белгидеги баскычын колдонууга мүмкүндүгү бар.

Бул ресурс жана андагы маалыматтар конфиденциалдуу болуп, кызматтык колдонуу үчүн гана арналган. Мониторинг системасына маморгандар тарабынан ӨК жана ӨА режимдеринин кесепеттерин жоюу жана болтурбоого жооптуу деп белгиленген чектелүү гана адамдар кире алат.
Интернетте жайылып жаткан маалыматтар чагылдырылган видео тууралуу факт текшерүү жүргүзүү жана КР мыйзамдарына ылайык конфиденциалдуу маалыматтарды жайылтууга укуктук баа берүү үчүн тийиштүү органдарга жөнөтүлдү.

Мониторинг жүргүзүү системасы МТБМК алдындагы IT штаб тарабынан иштелип чыкты.