Бүгүнкү күнгө карата коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине 123 млн. сомдон ашык каражат түштү.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине – 9 млн. сомдон ашык жана Бишкек мэриясынын эсебине – 2,7 млн. сомдон ашык каражат түштү.

Каалоочулар бардык акча каражаттардын келип түшүүсү жана пайдаланышы тууралуу кенен маалыматты www.help.covid.kg сайтынан көрсө болот.