Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду Саламаттык сактоо тармагына медициналык жабдыктарды, жардамга муктаж калктын катмарына медициналык бет каптарды жана ун, май азыктарын таратып берип келүүдө. Мындан тышкары атайын ачылган мамлекеттин эсебине 10 000 000 сом акчалай каражатын дагы котордук. Бул тууралуу ЖК депутаты Искендер Матраимов фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Биздин медицина кызматкерлери өзүнүн өмүрүн тобокелге салып, ылаңга кабылгандарды дарылап жатышат. 79 дарыгер таажы ылаңын жуктуруп алды. Бул деген мамлекет көз карандысыздыкты алган убакыттан бери, биз саламаттык сактоо тармагын талкалап алганыбыздан кабар берет. Ошого карабай биздин врачтар вирустун кесепетин жоюга каармандык менен күрөшүп жатышат. Которулуп жаткан каражаттарды Өкмөт эффективдүү пайдаланып, медицина кызматкерлеринин коопсуздугуна даректүү жумшайт деп ишенем.

Берилген жардам, кошкон салымдар COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө натыйжа берип, элибиз ылаӊдын сыноосунан курмандыксыз өтүп кетсин деген тилегибизди билдиребиз”,- деди депутат.