Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко коронавирустун пандемиясынан улам коргоонуу үчүн бет кап кийип жүргөн беларуссиялыктарды сынга алды. Мамлекет башчысынын айтымында, алар «өтө эле ашынып чектен чыгып кеткен».

Белгиленгендей, Лукашенко бүгүн, 13-апрелде, Президенттин Администрациясынын башчысы Игорь Сергеенкону, Парламенттин Жогорку палатасынын спикери Наталья Кочанованы жана Саламаттыкты сактоо министри Владимир Караникти кабыл алган. Тактап айтканда, мамлекет башчысы адамдарды пандемиядан коргонуу шаймандарын колдонууга тең салмактуу мамиле кылууга үндөдү.

«Кечээ мен Минск облусун өзүмдүн унаамда кыдырып чыктым. Элдер сейилдеп жүрүшөт. Аба-ырайы жакшы, мелүүн шамал согуп жатат. Кимдир бирөө маска кийип жүрөт. Бул кандай? Бет капты чечиңиз, таза аба менен дем ал. Эгерде сен көп эл жашаган шаарда болсоң, анда ар дайым бет кап кийип жүргөнгө каршылык жок. Эмнеге таза абада бет кап кийип журушөт? Биздин адамдар чектен ашырып жиберди. Ачык талаада маска эмнеден сактап калат?»,-деди Лукашенко.

Ошондой эле ал администрация башчысына Беларуссияда коргоочу шаймандарды чыгаруучу жана сатуучу ишканалардын тизмесин түзүүнү тапшырды. Лукашенко жарандардан эмне үчүн бет кап кийип жүргөнүн сурай тургандыгын айтты.

«Бүгүнкү күндө ар кандай өлкөлөр бизге бардыгын сунуштап жатышат. Акчабызды үнөмдөө үчүн эмне кылсак болот? Медициналык жабдууларды жана товарларды чет өлкөдөн алып келүү абдан кымбат. Коргонуучу шаймандар: бет каптар, респираторлор ж.б иштеп чыгаруу зарыл»,-деди Беларуссиянын президенти.

Беларуссия дүйнө жүзүндөгү башка мамлекеттерге салыштырмалуу коронавирусту салкын көз караш менен карады. Өлкөдө кескин чаралар көрүлбөй жатат. Ушул жагдайга байланыштуу, бул штатта коронавирусту жуктурган адамдардын саны кескин өсүүдө. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү дагы Беларуссия кескин өзгөрүүлөргө даяр болгула деп эскертти.

Булак: NazarNews.kg