Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрүнүн жумушчу жыйыны өтөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.

Белгилей кетсек, иш-чара Беларусь Республикасынын Президентинин төрагасы Александр Лукашенконун демилгеси менен өткөрүлөт.

Мамлекет башчылары Евразия экономикалык бирлигинде коронавирус инфекциясын алдын алуу жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашат.

Жолугушуу видеоконференция режиминде өтөт.

Эске сала кетсек, Кыргызстан ЕАЭБге кошулуу ниетин 2014-жылы билдирип, 2015-жылдын 12-августунда мүчө болуп кирген. Евразия экономикалык кеңешинин курамына Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет.

Булак: NazarNews.kg