Түркия Парламенти коронавирус пандемиясына байланыштуу 90 миң кылмышкерди убактылуу эркиндикке чыгаруу тууралуу токтом кабыл алган.
Акыйкаттык жана өнүгүү партиясы менен Улуттук кыймыл Партиясы тарабынан киргизилген мыйзам актысына ылайык жеңил-желпи кылмыштарды жасагандар жана жаза чарасын жатак-абактарда өтүп жатышкандар убактылуу эркиндикке чыгырылат.
Алар ушул жылдын 31-майына чейин эркиндикте болушуп, андан соң жаза чараларын өтөөнү улантышат.
Токтомго ылайык, эгерде бул мезгил аралыгында пандемия төмөндөбөсө, анда кылмышкерлердин эркиндикте жүрүү мөөнөтү дагы белгилүү бир мөөнөткө узартылат.