Rescue personnel perform a search in the aftermath of Hurricane Michael in Mexico Beach, Fla., Thursday, Oct. 11, 2018. (AP Photo/Gerald Herbert)

АКШнын түштүгүндө болуп өткөн бороондун кесепетинен бери дегенде 30 адам каза болду. USA Today басылмасынын билдирүүсү боюнча ал дүйшөмбүгө караган түнү башталып, күнү боюу уланган.

Буга чейин штаттардын бийлиги жана жергиликтүү ММКлар 19 адам каза болгондугун жана ондон ашык адам жабыркагандыгын билдиришкен. Катуу шамаал суу ташкындары жана жер көчкүлөр менен коштолуп, жүздөгөн бак-дарактар сынып, жүздөгөн үйлөр кыйраса, он штат боюнча 750 миң үй кожолуктар электр жарыгы жок калышкан.

АКШнын Метеорологиялык борборунун маалыматына ылайык акыркы сегиз жыл аралыгында болуп өткөн торнадолормынчалык кыйраткыч күчкө ээ болушкан эмес.

Белгилей кетсек, 2012-жылдын мартында АКШнын борбордук жана түштүк штаттарында болуп өткөн бороон-чапкындардын кесепетинен 40 адам көз жумган.