Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Вьетнамды пандемия менен күрөшүүдө алкышка арзыганын билдирди.

Маалыматка таянсак учурда Вьетнамда вирус жуктургандардын саны 262 жана алардын арасында каза болгондор катталган эмес. Вьетнам өлкөсүнүн мындай жетишкендигин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун мүчөсү Кудин Парк пандемиянын алдын алуу ич чараларынын жыйынтыгы деп билдирди.

Учурда пандемия дээрлик дүйнө жүзүндө кулачын жайып, андан жабыркаган Кытай, АКШ , Италия, Корея өлкөлөрү болууда.