Келээрки аптадан  баштап өлкөдөгү жеке менчик ири лабораториялардын бири мамлекеттик лабораториянын базасында иштей баштайт. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Жугуштуу оорулардын козгогучу менен иштеп жаткандан кийин бул лабораторияда катуу тартип сакталышы керек. Биз бардык талаптарды коюп, азыр шаймандар даярдалып жатат. Эмки аптадан баштап ал ишке киришет деген пландар бар”, — деди Үсөнбаев.

Жеке лаборатория өз ишмердүүлүгүн Мамлекеттик вирусологиялык лаборатория менен биргеликте жүргүзөрү боюнча макулдашуулар болгон.

Анда вирус жугузуп алгандар менен байланышта болуп, дарыгерлер текшерүү керек деп чечим кабыл алган кыргызстандыктар акысыз анализ тапшырышат. Ал эми оорулуулар менен байланышта болбогон, бирок жеке өзү үчүн анализ тапшырууну каалагандар акы төлөп текшерилсе болот.

Булак: Abal.kg