Таң атып уйкудан көздү ачканда жакшы тилегин арнап, адистик кеңешин берген психолог Сайнагүл Бозумовна эжекемдин эки ооз сөзү бүтүндөй ааламды өзгөрткөндөй болду.

Чынында мен үчүн күтүүсүз белектей болду. Акыл калчап ойлоп көрсөм, жашоодо жашоонун өзүн унутуп бараткандайбыз. Балким бул айтылган ойлор сизге да таасирин берип, жашооңузду жакшы нукка бурат деген ойдо сиз менен бөлүшүүнү туура көрдүм…

Кутман таң! Биз көз ачып ойгоноор менен негатив жаңылык окуп, көрүп, дагы эмне болот деген ойлор бизге тынчтык бербей келет. А жашоо уланууда, биз бир нерсени унутта калтырбообуз керек. Биз дем алуудабыз, биз тирүүбүз, денибиз сак экенин, жашоонун эң таттуу мүнөттөрүн, кулагыбыз угуп, көзүбүз көрүп турганын унутта калтырып барабыз. Эгер кокусунан бирөө биз дем алып жаткан абаны токтотуп койсо, ошондо биз баарынан мурда эмне кааларыбызды, аба эмне экенин, дем алуу эмне экенин билип, абага муктаж болобуз. Ошондо биз баарын унутабыз. Азыркы апаат коронавирусту, жашоодогу башка көйгөйлөрдү унутабыз. Ошондуктан башкы нерсе «Жашоодо жашоонун өзү өтө маанилүү» — экенин унутпасак! Сиздин оюңузга жаман ойлорду ким салууда? Албетте чөйрө таасир берүүдө. Экинчиден сиздин оюңузга жакыныңыз, бир тууганыңыз, досуңуз кирип башкара албайт. Андыктан ар бир таң атканда, сиз уйкудан турганда сизде тандоо бар. Д

айыма наалыган, коркунучтан, же дайыма бирөө сиз үчүн күнөөлүү болгон адам болууну тандоо, же болбосо өзүнө бакыт кура алган, ийгиликтүү, баарын түшүнө билген, бактылуу адам болууга тандооңуз бар!

Акыл — бул сыйкырчы!

Акыл сизде оорууну пайда кылат, ал кайра дабасын таба алат!

Акыл — сулуулукту ошол мезгилде түрү суукту жарата алат, байлыкты жоктукту жаратат!

Андыктан сиздин акыл эмес ЖҮРӨГҮҢҮЗ сыйкырчы болсун! Эң башкысы акылыңыз анан жүрөгүңүз таза болсун!