“Шумкардын” кызматкерлери жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, — ИИМ
ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунунун кызматкерлери коронавирус илдетине каршы туруу жана алдын алуу максатында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунда жана анын жер-жерлердеги бөлүктөрүндө кызматкерлер коронавирус илдетине каршы туруу жана алдын алуу максатында, жөө кайгуул кызматында жарандарга коменданттык сааттын тартиптери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүү менен бирге күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.
Андан тышкары Бишкек шаарынын аймагында 29 санитардык-карантиндик посттордо кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кызмат алып барышууда.
Кызматкерлер жарандарга зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпоо керектигин, өздүк гигиенаны туура сактоону жана муктаждык жаралган учурларда гана көчөгө чыгып калган учурларда каратинди бузбоого чакырууда. ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы