Президенттик аппарат Республикалык штабга жана комендатураларга өзгөчө абал шарттарында жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) менен иштөө форматын кайра карап чыгууну сунуштайт.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Наргиза Мансурова билдирди.

Ага ылайык, өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режиминин узартылышына жана киргизилишине байланыштуу Републикалык ыкчам штаб менен жер-жерлердеги комендатуралар ЖМК менен иштөө форматын, атап айтканда, өзгөчө абал мезгилинде аларды аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгуу сунушталды.

Муну менен бирге, ооруп калгандардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу, ЖМК өкүлдөрүн өз ишмердүүлүктөрүн пандемия шартында жогору коопсуздук чараларын катуу сактап, саламаттыгын тобокелчиликке салбоо менен жүргүзүшү керек.