Бүгүн, 14-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны болуп өтүүдө.

Депутаттар башка мамлекеттердин аба майдандарында мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктан арбын экенине токтолушуп, аларды мекенине кайтарууну ыкчам түрдө ишке ашыруу зарылчылыгын кошумчалашты.

Алсак, депутат Жылдыз Мусабекова Түркиянын ири шаарларындагы аба майдандарында 400 мекендешибиз өлкөгө келе албай жатканын айтып, аларды таштап койбой тез арада чартердик каттамдарды уюштуруу маселесин көтөрдү.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев: “30 жылда Кумтөр Кыргызстанга 5 млрд. доллар жардам берди. Бирок, ушул эле мөөнөт аралыгында кыргызстандык мигранттар өлкөбүзгө 60 млрд. доллар көмөк көрсөттү. Азыр алар биринчи жолу Өкмөттөн жардам сурап жатат. Андыктан, мойнубуздагы парзды аткарып, чет жерде калган мекендештерибизди алып келели. Эгер алып келе албасак, ошол жактагы дипломатиялык каналдарыбыз аркылуу аларга колдоо көрсөтөлү”, – деди.

Буга кошумча депутат Руслан Казакбаев чет мамлекеттеги элчиликтер биздин жарандардын укугун коргоп, аларды мекенине кайтаруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин белгилеп, көйгөйдү саясатташтырбоо сунушун берди.

Буга Тышкы иштер министрлигинин өкүлү: “Россиядагы мигранттарды алып келүү үчүн ал өлкөнүн аба мейкиндиги 27-марттан тарта жабылган. Мигранттарды алып келүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мекендештерибизди күнүгө аэропортко кайра-кайра каражаттарын, убактыларын кетирип келе бербөөсү керек деп элчилерге жана башка тиешелүү кызматтарга кабар берилген”,-деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg