Борбор калаада өнөр жай багытындагы үч ишкана иштей баштаганын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, бул ишканалардын кызматкерлери коронавирус оорусун жуктуруп албашы үчүн катуу чаралар көрүлүүдө. Кызматкерлерди кызматтык жеке унаалар ташыйт.

Бир нече күндүк тыныгуудан соң иштей баштаган ишканалардын катарында «Бишкек штамптоочу заводу», «Пейванд» ЖСКсы жана «Автомаш-Радиатор» заводдору бар.

Бул ишканалар унаа тетиктерин, станок жана медициналык бет кап өндүрөт. Ал жерде жүз миңдеген жумушчулар эмгектенет.