Учурда коомдо оорунун алдын алса болмок деген айып менен айыпталып жаткан экс саламаттыкты сактоо министри К.Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароо тууралуу депутат К Иманалиев демилге көтөрүп чыкты.

Бул окуяны ар ким өз алдынча жоромолдоп, кайрылуу жасап, өз оюн айтып айрымдар министирди колдосо, айрымдар камалсын деген оюн айтууда.

Өлкөдөгү эң алдыңкы дарыгерлердин бири Сабырбек Жумабеков

«Дарыгерлерди саясатка аралаштырбоону» сураган кайрылуусу тарады.

«Бүгүн биздин айрым саясатчылар экс-министрди кылмыш жообуна тартыш керек»  деп сүйлөп чыгышууда. Жаманбы, жакшыбы ал көп иштерди жасап кеткен. Азыр айтышып күнөөлөп олтурууга эч кимдин акысы жок. Мен алардан өтүнүп кетет элем. Дарыгерлердин үстүнөн саясат кылбагыла жана жасабагыла. Азыр биз өкмөт дарыгерлерге, дарыгерлер өкмөткө таарынып айтыша турган убак эмес. Биздин жалгыз гана максатыбыз бар, ал вирусту жеңүү. Тоготпой коюп медицинасы дүйнөдө алдыңкы орунда турган Швецияда күнүнө жүз киши өлүп атат. Вирус менен дарыгерлер Чолпонбайдай эле күрөшүп атышат. Аларда ыраазычылык билдирүүнүн ордуна айрымдардын саясат жасап жатканын өкүнүү менен кабыл алдым. Азыр баарыбыз эле жумуштабыз. Күнү-түнү иштеп жатабыз. Күн сайын биздин ооруканага ар түрдүү жаракат алган адамдар түшөт. Алардын кайдан келгенин биз билбейбиз. Жашообузду тобокелге салып иштеп жатсак, өкмөттү силер дарыгерлерге карабай койдуңар деген дагы туура эмес. Өкмөт колунан келишинче дарыгерлерге кам көрүп жатат. Саясатыңыздарды дарыгерлерди аралаштырбай жүргүзүңүздөр» — деди ал.