Россияда коронавирус инфекциясынан дарылай турган дары даяр. Бул туурасында Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирди, деп, 13-апрелде «Свободная пресса» маалымдаганын «Важно» маалымат порталы кабарлады.

«Россиянын компаниясы дары иштеп чыгып, биртоп башка өлкөлөрдөгү биздин коллегалар тарабынан тестирленди. Бул толук бойдон Россиянын дарысы болуп саналат. Клиникалык сыноого биринчи партиясы даяр болду», — деди Мурашко.

Министрдин сөзү боюнча дарынын клиникалык сыноосу 20-апрелдерде башталат.

Мурунураак, марттын этегинде Россиянын Федералдык медико-биологиялык агентствосунун (ФМБА) жетекчиси Вероника Скворцова «Мефлохин» дарысынын COVID-19га каршы эффектидүүлүгүн окумуштуулар далилдеди деп айткан болчу.

Андан тышкаары кабарларда Росссияда короновируска каршы вакцинанын үч прототиби иштелип чыкты деп да маалымдалган.

Булак: Компромисс сайты