Казакстан Россиянын Оренбург облусундагы Соль-Илецкидеги кыргызстандыктарды өткөрүүдөн кескин түрдө каршы болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал казак-орус чек арасына калган кыргызстандыктарды алып келүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин белгиледи.

“Соль-Илецк шаарында маселе оор, биз адамдарга айтканбыз, бирок алар болбой эле кетпей отурушат. Ал жактагы жарандарды өткөрүүдөн Казакстан кескин каршы. Аларды транспорт менен алып келүүгө мүмкүнчүлүк жок. Жакында баары чечилет деп үмүттөнөбүз” – деп билдирди Кубатбек Боронов.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстандын чек арасында Россиянын Оренбург облусунда 67 автоунаа жана Казакстандын мамлекеттик чек арасынын ачылышын күтүп жаткан 110га жакын кыргызстандыктар бар.