Түркия Республикасында бир күндө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 4 093 адамга көбөйдү. Бул тууралуу Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа жергиликтүү ММКга билдирди.

«Бүгүн, 13-апрелде, 4 933 коронавирустун жаңы учурлары аныкталды. Өлкөдө коронавирусту жуктурган адамдардын жалпы саны 61 499 адамды түздү», — деди Кожа.

Министрдин айтымында, бир күндө 98 бейтап көз жумган. Ошондой эле ал оорудан 3957 адам сакайып кеткендигин айткан. Түркияда коронавирустук инфекциянын биринчи учуру ушул жылдын 11-мартында катталган. Коменданттык кырдаал өлкөнүн 30дан ашык провинциясында киргизилген.

Нуруллох Шарипов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg