Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирмекчи болгон аялдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, 14-апрель күнү саат 20:53тө Жал кичи районунунда жайгашкан үйдүн батиринин тургуну, батирдин терезесине чыгып өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Куткаруучулар аялды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.