ВNO News агенттигинин маалыматына таянсак учурда дүйнө жүзүндө 2 млн киши коронавирустан жабыркоодо.

185 өлкөдө 2001359 киши пандемия менен жабыркап, анын ичинде 130,5 адам каза таап, 482 миңи айыкты.

Коронавирустан жабырткан өлкөлөр АКШ , Испания, Италия , Германия, Франция болууда. Ал эми Россия 15 орунда турат. Пандемиядан адам өлүмү эң көп катталган мамлекеттер АКШ, Италия, Испания, Франция жана Улуу Британия өлкөлөрү.

Ал эми пандемия менен мыкты күрөш жүргүзүп бир да адам өлүмү катталбаган өлкө бул Вьетнам болууда.