Россиянын саламаттык сактоо системасынын коронавирус инфекциясына каршы туруу даярдыгы качалык экенине, Москванын №71-шаардык клиникалык ооруканасынын башкы врачы Александр Мясников, каза тапкандардын статистикасына таянып  баа берген. Муну врач Россия менен Германиянынстатистикасын салыштыруу аркылуу көрсөткөн. Бул туурасында 11-апрелде “Известия” кабарлаган.

Врач мурда стационардык дарылоого басым жасаган россиялык саламаттык сактоо системасы эскирди деген ойдо болуп келгенин, бирок, көрсө, анын пикири боюнча мындай система “экстремалдык шарттарга көбүрөөк ылайыкташканын” мойнуна алганын билдирди.

«Бүт баары «германиялык керемет» дешип, байма-бай айтып атышат да, орустукун унчугушпайт. А иш жүзүндө Германияда 82 миллион элдин 2,8 миңи каза тапты. А Россияда  146 миллион элдин ичинен каза тапканы 100гө жете  элек (15-апрелге карата 198 киши)», ― деген эксперттин сөзүн «Риа -Новости» келтирген.

Ошондой эле адистин пикири боюнча Россияда COVID-19дан каза болгондор грипптен  көз жумгандардан алда канча аз. Ал түгүл ИВЛ  аппараттары (өпкөнү жасалма желдетүүчү аппарат) жана «жеке коргонуучу каржаттар биздин өлкөдө алардыкынан көп экенин таң калуу менен билип атышат».

Бирок, бел чечүүгө болбойт: оорунун жайылышын ар кандай чараларды көрүү менен, адамдар өздөрү гана токтото алышат, деп белгиледи Мясников. Анын сөзү боюнча врачтар ооруну гана дарылашат, а жайылышын токтото алышпайт.

«Бири-бирибизге жуктурбай тургандай чараларды кабыл алуу менен, илдетти өзүбүз гана токтото алабыз», ― деп жыйынтыктады Мясников.

COVID-19Россияда:

-жукканы – 24 490;

-каза тапканы – 198;

-айыкканы – 1 986.

Булак: Abal.kg