Хакер Москва шаарындагы мектептердин бириндеги окуучунун аккаунтун бузуп кирип дистанттык түрдө өтүп жаткан химия сабагы учурунда порнографиялык ролик киргизип жиберген.

Мындай кибератакага №247 мектептин тогузунчу классынын окуучусу дуушар болгон. Инциденттен кийин окуучунун өгөй атасы полицияга кайрылууга аргасыз болгон. Укук коргоо органдарынын кызматкерли текшерүү иштерин жүргүзө башташты.

Буга чейин мындай инциденттер Саратовдо жана Калугада болуп өткөн.