Өзгөчө абал режими киргенден бери Бишкекте жасалма өткөрмө кагаздар боюнча 52 факт катталды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев брифингде билдирди.

“Өткөн сутка ичинде борбор калаада коменданттык сааттын талаптарын 39 адам бузду. Өзгөчө абал режими киргенден бери коменданттык саатты 1919 адам бузган. Алардын 244ү аял жана 1675и эркек. Бардыгына протоколдор түзүлдү”, — деп билдирди Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.