Бул туурасында республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Бүгүнкү күндө үй карантининде 7 537 адам кармалууда, анын ичинде тыгыз контактта болгондор (I категория) – 1 556 адам, башка контактыдагылар (II категория) – 5 981 адам эсептелет. 

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдиргендей, бүгүнкү күндө өлкөдө 466 адам коронавирустук инфекцияга чалдыккан учур катталган. 91 адам ооруканадан чыгарылган, 370 жаран медициналык мекемелерде дарыланууда. 

«16-апрелге карата 104 медициналык кызматкер коронавируска чалдыккан. Анын ичинде: 29 врач, 44 орто медициналык персонал, 17 кичи медперсонал, 14ү – башкалар. Алардын бардыгы дарыланууда, алар менен байланышта болгондор аныкталган. Бир сутка ичинде мурда COVID-19 диагнозу аныкталган 13 пациент стационардан чыгарылган», — деди министр. 

 «Эч кимге аёо болбойт! Коюлган бардык талаптар токтоосуз аткарылышы керек. Баарыбыздан суроо-талап өтө чоң, бул өмүр менен өлүм маселеси. Биздин ката кетирүүгө укугубуз жок», — деп жыйынды жыйынтыктады Кубатбек Боронов.