Армения парламенти бейшемби күнкү экинчи жана акыркы окууда кылмыш жолу аркылуу алынган мүлктү  соттун айыбы жок эле конфискациялоо мүмкүнчүлүгү каралган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Ошентип, «Мыйзамсыз келген мүлктү конфискациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору  үчүн бардыгы 99 депутат «макул» деп, бир депутат каршы добуш берсе, 15 депутат калыс абалын карманган.

Юстиция министри Рустам Бадасяндын айтуусу боюнча аталган мыйзам долбоору  прокуратуранын структурасында тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын иштөөсүн жана жарандык сот өндүрүрүшүнүн жаңы эрежелерин  караштырат. Бул жаңы эрежелер активдерди изилдөөгө жана негизсиз топтолгон байлыктарды мамлекеттин пайдасы үчүн алып коюуга шарт түзөт.