Өткөн жылдын жай айында ММКлар россиялык атактуу актёр Валентин Гафт инсульт болгондугу тууралуу  жазып чыгышкан. Дээрлик бир жылга чукул убакыттан кийин актёрдун жубайы Ольга Остроумова «Сен ишенбейсиң» аттуу программага берген интервьюсунда актёрдун абалы тууралуу билдирген. Анын айтуусу боюнча азыр 84 жашка келип калган В. Гафтт акырындык менен калыбына келүүдө. Бирок  бардыгын угуп, түшүнүп жаткан менен азырынча эл алдына чыга албайт. 

Белгилей кетсек, россиялык атактуу актёр 2019-жылдын 7-августунда ооруканага жаткырылып, «инсульт» — деген диагноз коюлган. Ошондон бери анын абалы тууралуу эч бир жерде айтыла элек болчу.