Түркия мамлекети пандемиянын жайылышын ооздуктоо максатында абактагы 45 миңдей адамды бошотушу мүмкүн.

Түркия парламенти кабыл алган мыйзамга ылайык, мунапыска илингендердин ишин майга чейин сот карайт. Бирок террорчулук үчүн камалгандар эркиндикке чыкпайт.

Учурда Түркияда абактагылар арасынан 17 кишиден коронавирус табылган. Алардын үчөө көз жумду.

Ошондой эле Жаза аткаруу кызматында иштеген 79 киши COVID-19 илдетине чалдыкканы маалым болду.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Түркияда вируска кабылгандардын саны 70 миңге жакындаган