Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөрдү сатып алууга 200 млн сом бөлүндү.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам калктын социалдык аярлуу катмарларын колдоо максатында кабыл алынды. Каржылоо мамлекеттик бюджеттик резервдин каражаттарынын алкагында жүзөгө ашырылат.

Аймактарда керектүү гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү үчүн КР Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жеке жоопкерчилик тартышат.