АКШ Корго министри Марк Эспер бейшемби күнү Кытай Коммунисттик партиясы дүйнө элинин башын айландырып келген жана жаңы типтеги коронавирустун жайылышы боюнча фактыларды жашырган деп билдирди.

«Билгиңиздер келсе алар бизге вирус пайда болгон алгачкы күндөн тартып эле жалган маалыматтарды берип келишкен. Ошол себептүү, жеке мен алар бизге азыр деле чындыкты айтып жаткандыктарына ишенбейм!- деди Эспер NBC News телеканалына берген маегинде.

Анын айтуусу боюнча кытай өкмөтү чындыкты жашырбаганында вирустун түзүлүшү эбак эле аныкталып, дарылоо өңүтү билинип, вакцина ойлоп табуу иштери тездемек.

Өз кезегинде КЭР Ички иштер министрлиги Кытай башынан эле ачык-айкындуулук принцибин карманып келетканын жана коронавирустук инфекциянын эпидемиясы тууралуу маалыматтарды жарыялоого толук жоопкерчилик менен карап жаткандыгын жар салып келет.