Япония май айынан тартып ар бир жаранына 100 миң иен (болжол менен 930 доллар) өлчөмүндө төлөм жүргүзө баштайт. Бул тууралуу Токиодо өткөн пресс-конференцияда Өлкөнүн премьер-министринин орун басары, Финансы министри Таро Асо билдирген.

Киодо агенттиги Таро Асонун: » Эң башкысы – бул ыкчамдык»-деген сөзүн цитаталоо менен Комэйто партиясы – бул башкаруучу коалиция боюнча  Либералдык-демократиялык партияга өнөктөш экендигин, дал ушул партия Премьер-министр Синдзо Абэге  калкка дал ушундай өңүттө жардам берүү, ал тургай төлөмдөрдү май айынан кечиктирбей жүргүзүү керектигин айтып ынандырган.

Албетте, мунун негизги максаты эпидемия учурунда жабыр тарткан бардык үй-бүлөлөргө кирешесинин көлөмүнө карабастан жардам берүү болуп саналат.