Бардык эле жандыктын жаңы төрөлүп там-туң баскан баласы жүрөк жылытып жагымдуу маанай жаратат.

Фотограф Шерри Прат көп жылдан бери жаратылышты сүрөткө алуу менен алектенип келет. Шерри бул ирет кичинекей улакты обьективке алып, фотосессия өткөрөт.

Улак деле адам баласы сыяктуу, кылыктанып бир орунда турбай тоскоолдук жаратканына карабай сулуу сүрөттөр жаралган.