Коом
Жолдо эс алып жаткан арстандар (сүрөт)
Түштүк Африкадагы «Крюгер» улуттук паркындагы жолдо арстандар уктап жатышат деп жазды ВВС. Сүрөттөрдү паркты көзөмөлдөп турган Ричард Соури тарткан. Ал бул көрүнүштү паркты кыдырып жүргөндө байкаган.
25-марттан бери парк карантинге жабылган, бирок Соури өз ишин улантууда.
Анын айтымында, адатта мындай көрүнүштү түнкүсүн паркта эч ким жок кезде көрүүгө болот. Бирок сүрөт күндүз тартылган.
«Арстандар унаалары менен жүргөн адамдарга көнүп калышкан. Бардык жаныбарлар жөө жүргүнчүлөрдөн коркуу сезимине ээ, ошондуктан мен алардын жанына чейин бара албайм», — деп түшүндүрөт Соури.
Ричард Соури бул сүрөттөрдү автоунаасынан уюлдук телефонго тарткан.
Булак: Баракелде сайты