Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду.

2020-жылдын 16-апрелинен 17-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 29 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 5 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы – 1421 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан – 4 атуул, ал эми Сузак районунан – 1 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 73 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 86 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

К А Й Р Ы Л У У ! Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип үйдөн чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга чакырамын. Ошондой эле, тартипти так сактап, өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын ден соолугуна кам көрүүнүздөр.

Урматтуу менин мекендештерим сабырдуу болуп, тартипти бекем кармап жана жакшы амал кылууга чакырамын.

Социалдык маселе боюнча 1227 Түндүк түз байланыш номери жана «өткөрмө» үчүн 3722.tunduk.kg электрондук дареги боюнча анкета толтуруп кайрылса болот.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендантурасынын басма сөз кызматы