Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов  Кызыл-Кыя шаарынын ардактуу тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, маркум Абдулхай Гайнулиндин үй бүлөсүнөн кабар алды.

Согуштун катышуучусу Абдулхай Гайнулин Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына жетпей, кайтыш болду. Өкүл Алишер Абдрахманов анын уул кыз, неберелерине, атанын эмгеги, баатырдыгы эч качан унутулбайт, түбөлүк сакталат деп белгилеп, анын үй бүлөсүнө жардамдарын тапшырды.

Азыркы учурда Баткен облусунда  10 согуштун ардагери бар.

 КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы