ТИМ: 26-апрелде Дубайдагы мекендештерибизди алып келүү аракети көрүлүүдө
26-апрелде Дубайдагы кыргызстандык мигранттарды “Дубай — Бишкек” чартердик каттамы менен мекенге алып келүү пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Бул маселени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмирликтеринин авиация тармагынын жетекчилиги менен чогуу чечүүдө.
“Тараптар БАЭден Кыргызстандын жарандарын алып келүү үчүн 3-5-майда дагы кошумча рейстерди уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүздү”, — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Анталия, Стамбул, Анкара, Новосибирск, Дубай жана башка шаарлардагы 4371 мигрант мекенине келе албай жатканы маалымдалган.
Ал эми учурда дүйнөнүн 45 өлкөсүндөгү 3800дөй кыргызстандык мекенине кайтууну көздөп жатат.
Мындан улам президент Сооронбай Жээнбеков мекендештерди өлкөгө алып келүү боюнча тийиштүү орган, мекемелерге тапшырма берген. Бүгүн, 17-апрелде, Бишкекке Стамбулдан 212 кыргызстандык учуп келе жатат