Техас штаты АКШда биринчи болуп дүйшөмбү күнү коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрдү алат. Бул туралуу жарлыкка аталган штаттын губернатору Грег Эбботт кол койгон.

Штаттарда карантинди алып салуу боюнча сунушун кечээ күнү Дональд Трамп сунушталган жана ага  COVID-19 вирусунун терс динамикасы себеп болгон. Ошого карабастан акыркы чечимди штат бийлиги кабыл алат. 

Эң биринчи болуп парктар ачылат, бирок мындай шартта милдеттүү түрдө бет кап кийип жүрүү, адамдардын ортосундагы аралык 180 сантиметрден кем болбоосу, беш адамдан ашык топтолбоосу өңдүү бир катар талаптар сакталышы зарыл.

Ошондой эле, 24-апрелден тартып чекене соода кылуучу дүкөндөр ишке киришет жана анда төмөнкүдөй тартиптеги убактылуу система сакталат: сатуучулар товарларды кардардын машинесине же үйүнө чейин жеткирип берүүсү зарыл. Бул адамдардын ортосундагы байланышты минималдыштырууга өбөлгө болмокчу.