ИИМдин кызматкерлери “Өзгөчө абал” режим убагында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө
Өлкөдө “Өзгөчө кырдаал”, жана айрым аймактарында “Өзгөчө абал” киргизилгендигинен, Кыргыз Респбликасынын ИИОнун бардык өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.
Буга байланыштуу, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы (ККК) тарабынан жер-жерлердеги райондук ички иштер башкармалыктарынын өздүк курамынын кызмат өтөөсүн усулдук жардам катары, тескөөчүлүк уюштуруучулук иштерди жүргүзүүдө. Бул иш-чаранын алкагында, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан туруктуу негизде Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмдөрүнүн коронавирус илдетине каршы кандай чараларын көрүлүүдө, ошондой эле кызматкерлердин күчөтүлгөн тартипте кандай акыбалда кызмат өтөп жаткандыгы менен маалым болушту.
Ошону менен бирге, коменданттык саатты бузган жарандарды кармоочу жайларды, кабылдап-бөлүштүрүүчү жайынын санитардык-гигиеналык жактан тазалоо жана дезинфекциялоо күнүнө 2-3 жолудан жүргүзүшүлөөрүнө маалым болду. Азыркы учурда, милиция кызматкерлери бардык зарыл болгон жеке коргонуучу каражаттары, бет кап, кол кап, атайын кийимдер жана антисептиктер менен камсыздалган.
Ошондой эле, санитардык-карантиндик посттордо, фильтрлөөчү посттордо кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге тамак аш менен камсыздалган. Ошондой эле, ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринен куралган топтор түзүлүп, аймактык милиция бөлүмдөрү менен биргеликте жөө кайгуул уюштурулду, анын негизги максаты жарандарга «өзгөчө абал» режими убагында жүрүү эрежелерин түшүндүрүп жеткирүү.
Белгилеп кетүүчү нерсе, мындай иш-чаралардын алкагында ИИОнун кызматкерлерине негизги талап — мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоосу, жарандарга сылык мамиле жасоо болуп саналат. Жогоруда жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, мындан ары туруктуу негизде дайыма уюштурулуп тургандыгын — милициянын полковниги Улан Рысбеков маегинде билдирди.
ИИМдин басма сөз кызматы