Нью-Йорк штатынын бийлиги коронавирус эпидемиясына байланыштуу үйлөнүү тууралуу чечим кабыл алышкандардын ортосундагы никелерди видеобайланыш аркылуу кыюуга уруксат беришти. 

Аталган штаттын губернатору Эндрю Куомо: «Мен, Нью-Йорк тургундарына нике тууралуу күбөлүктү аралыктан алууга жана андагы кызматчыларга нике кыюу аземин видеобайланыш аркылуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү буйрукка кол койдум» — деп жазган өзүнүн Twitter баракчасына.

Губернатордун басма сөз кызматы билдиргендей буга чейин аралыктан нике кыюуга мыйзам тарабынан тыюу салынып келген, башкача айтканда ага сөзсүз түрдө эки жаштын катышуусу талап кылынчу.