Түндө 91 жаран эреже бузуп, 4 автоунаа атайын жайларга токтотулду

387

Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 91 жаран жеткирилип, 4 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 57,

Жалал-Абад шаары боюнча – 4,

Ош шаары боюнча – 8,

Нарын шаары – 6,

Ноокат району –1,

Сузак району – 12,

 Кара-Суу району боюнча – 3,

Ал эми Ат-Башы району боюнча тартип бузуулар катталган жок. Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2889 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.

ИИМдин басма сөз кызматы