“Манас” эл аралык аэропортунун транзиттик жүк ташуучу борборунун территориясында жайгашкан корпустарда жарандарды кабыл алуу жана убактылуу жайгаштыруу үчүн 700 орундуу имарат курулуп жатат. Ага 250 жумушчу тартылып курулуш иштери күнү-түнү уланууда. Жыйынтыгында ар бир бөлмөдө санитардык түйүндөр күлтүгү менен (унитаз), жуунгуч, душ кабиналары каралган, 700 адамга (медициналык персонал менен) ылайыкташтырылат. Обсервацияга алынган жарандарыбызга жана ал жерде кызмат кыла тургандарга толук шарттар түзүлмөкчү. Бугун курулуш иштеринин журушу ӨК Министри Замирбек Аскаров таанышып чыгып, тиешелуу тапшырмаларды бергенин министрликтин басма сөз кызматы билдирет.