Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 81 жаран жеткирилип, 18 автоунаа атайын жайларга токтотулду
Алардын ичинен:
Бишкек шаары боюнча – 66,
Жалал-Абад шаары боюнча – 4,
Ош шаары боюнча – 3,
Нарын шары – 4
Ат-Башы району боюнча –1,
Ноокат району боюнча –1,
Сузак району боюнча – 2.
Ал эми, Кара-Суу районунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2970 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.
ИИМдин басма сөз кызматы