Вашингтон штатынын борбор калаасы Олимпияда болжол менен 2,5 миң адам карантинге каршы митингге чыкты деп жазат SeattleTimes гезити.

Гезиттин билдирүүсү боюнча карантин менен байланышкан чектөөлөр 4-майга чейин киргизилген жана шартка байланыштуу узартылышы мүмкүн. Штатта 12 миңге жакын адам вирус жуктуруп алган.

Митингди мыйзам чыгаруучу — республикачылар уюштурган.  Кызыгы, Республикалык партиясынын мүчөсү Роберт Сазерлэнд чогулгандарга балык уулоону сүйүүчүлөргө тыюу салына турган болсо «көтөрүлүштү баштоого» чакырган. 

Митинг штаттын губернатору Джея Инзлинин буйругунун бузулушуна алып келгендиктен губернатор өткөрүлүп жаткан митинге каршы өз оюн айткан. Полициянын билдирүүсү боюнча митинг тынч өткөн жана эч ким камакка алынган эмес.

Белгилей кетчү нерсе, Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча АКШда бардыгы болуп 759 адам коронавирус жуктуруп, анын 40,6 миңи өмүр менен кош айтышкан.