Москвада кыргыз жаштары демилге көтөрүп, коронавируска каршы деинзфекциялоочу каражаттарды жана бет каптарды акысыз таратышты.

Кыргыз жаштарынын бул демилгеси тууралуу орусиялык телеканалдар репортаж даярдап, үлгү катары көрсөтүштү.

Активист жаштар каражаттарды дарыгерлерге, укук коргоо кызматкерлерине, катардагы жарандарга да тартуулашкан.