Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинде 19-апрель саат 21.00до, убактысы 2 жарым саатка созулган «Таазим сизге, эже-агай!» аталышында онлайн конференция болуп өттү.

Конференцияга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.А.Белеков, «Санарип» академиясынын негиздоочусу А.Мадалиев, «Үлгү» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Б. Рыскулов, «Эмгек-Талаа биримдиги» коомдук фондунун төрагасы Б.Абдрасулов, айылыбыздын сыймыктанган уул-кызы Н. Абдрасулова, Т.Жумабаев, Эмгек-Талаа айыл аймагынын башчысы А.Осмонова катышып, өзүлөрүнүн каалоо-тилектерин айтышты. Айылыбыздан чыккан атактуу ырчыларыбыз: К.Ажыбаев, А.Мамбетакунов, М. Сарыбаев эже-агайлардын көңүлдөрүн которуп жагымдуу чыгармаларын тартуулашты. Конференциянын жүрүшyyдө билим берүү тармагынын ээлерине жүрөктөн чыккан жылуу сөздөр айтылды.

Азыркы кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуудагы жетишкендиктер менен бирге эле көйгөйлөр талкууга алынды. Көйгөйлөрүбүздү жакшы жагынан чечип берип: «Эмгек-Талаа биримдиги» коомдук фондунун төрагасы Б.Аскарбеков аз камсыз болгон үй-бүлөгө смартфон белекке берди. Ал эми кызыбыз Н.Абдрасулова 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө, ЖРТдан жогорку упай алган 3 окуучуга жана класс жетекчисине «Гүлшайы апа» кайрымдуулук фонду тарабынан 21 миң сом өлчөмүндө стипендия берилери туурасында кабарлады. Т.Жумабаев агабыз бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга даярдоо боюнча онлайн курска катышууга багыт берди. Санарип мугалим болуу үчүн кандай шарттарды аткаруу керек жана заманбап технологияны колдонууда маселелер жаралса жардамга даяр экендиги жөнүндө «Санарип» академиясынын негиздөөчүсү А.Мадалиев жана Б.Рыскулов тарабынан айтылып, бул жаатта эң жакшы кенештер берилди.

Мугалимдерге жана окуучуларга моралдык жана материалдык жактан жардам көрсөтүп, бийик эргүү берип, чон дем-күч тартуулагандарыңыздарга, сиздерге, конференциянын конокторуна терен ыраазычылык билдирем. Өзүмдүн эмгек жамаатыма чыгармачылык менен иш алып барууну жана талыкпаган эмгекти каалайм. Конференцияны чыгармачылык менен уюштурган биздин таланттуу, изденүүчүлүк менен иш алып барган мугалимдерибиз: физика мугалими С.Исагакунованын, информатика мугалими Г.Исакованын иштерине ийгилик каалайм. Баарыныздарга бекем ден соолук каалоо менен мектеп директору Н.Сартманбетова.