Американын президенти Дональд Трамп кечээ Кошмо Штаттарга иммиграцияны токтотуу жөнүндө жарлыкка кол коюуну пландап жатканын ачыктады.

Трамп «Твиттер» баракчасына, муну пандемиядан коргонуу маалында америкалыктардын жумуш орундарын сактап калуу зарыл болуп турганы менен түшүндүрдү.

Эске салсак быйыл февралдын башында АКШ Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү чектеп, буга өлкөдө биометрикалык паспорт бериле элек экендиги негизги себеп болуп жатканы менен түшүндүргөн. Акыркы күндөрү Трамптын администрациясы АКШга чет элдиктердин келишине тыюу салып жатат. Мындай жагдайга алар коронавирус эпидемиясына байланыштуу деп комментарий берүүдө.