17-апрелде, монополияга каршы мамлекеттик кызматы жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери биргеликте борбор калаадагы бир топ азык-түлүк саткан дүкөндөрдү кыдырып, бааларга көзөмөл жүргүздү.
Натыйжада гипермаркет “Алма”, супер маркет ” МигГрос”, жана ” Ярмарка”, ” Весна” дүкөндөрүндө күн карама майы, биринчи сорттогу ун, кум шекер, макарондорго баа кымбаттаган.
Дүкөндөрдүн жетекчилерине айып акча салынып, администрациялык эскертүүлөр берилген- деп жазат ведомствонун пресс кызматы.