Акыркы мезгилде адам баласы табиятты чексиз булгап таштанды менен толтуруудабыз. Жер бети, деңиз, океандардын адам баласынын колунан жаралган заттардан жаныбарлар запкы тартууда.

Мына ушундай запкы тарткан жаныбардын бири карышкыр, фотографтардын арты менен аман калган.

Сүрөттө көрсөтүлгөндөй карышкыр адамдардан калган тамакты жеш үчүн контейнерге башын салып кайра чыгара албай калган. Бул абалда карышкыр көпкө чейин жүрсө керек, балким жумалап же айлап. Анткени анын жүндөрү түшүп жүдөп калган. Башына кийлген контейнердин кичинекей тешигинен дем алып, суу ичип турган.

» Адамдардын табиятка болгон мамилеси мени өтө өкүндүрөт, мындай абалга туш болгон канча жаныбарлар кырылып калууда. Адамдарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат элем»- дейт сүрөтчүлөрдүн бири.

Окуяга күбө болгон сүрөтчүлөр ошол токойдун егерин чакырып, карышкырга жардам берип, ал токойго коё берилген.