Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, Түп жана Ак-Суу райондорунун аймагында илдетти алдын алуу жана таралышына жол бербөө максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери карантиндик-санитардык посттордо жана фильтрациондук посттордо тынымсыз кызматын өтөшүүдө.

Ошондой эле, Каракол шаары, Түп жана Ак-Суу райондорунун аймагында фильтрациондук карантиндик-санитардык сегиз пост уюштурулгандыктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана ИИБнин кызматкерлеринин, ӨКМдин, саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринен, райондук мамлекеттик администрацияларынын кызматкерлеринен жана ыктыярдуу кошуундар турган топтор кызматтарын өтөөдө.

Мындан тышкары Каракол шаарынын ичинде беш мобилдик топ түзүлүп, жергиликтүү эл арасында илдеттин жайылып кетүүсүн алдын алуу, айдоочуларга “Өзгөчө кырдаал” тартибинин талаптарын жеткирүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.

«Көпчүлүк учурда посттордо турган топтордун айткан кеңештерин жергиликтүү жашоочулар түшүнүү менен кабыл алышууда. Бирок арасында, эскертүүлөргө кыжырлануу менен карагандар дагы жок эмес. Мындай учурларда биз маанайды түшүрбөстөн, маектешүүнү ишенимдүү түргө өткөрүп, сиздин ден соолугуңуз биз үчүн башкы максат экендигин айтып, жолуна салуудабыз. Мындай маектен кийин көпчүлүгү кайра кечирим сурашат. Кээ бири кайра кайтып кетип баратканда токтоп, сиздердин айтканыңыздар аткарылды деп жылмайуу менен карашат»,- дейт кызматкерлер.

Фильтрациондук посттордо кызмат өтөп жаткан кызматкерлер шаар райондорго калктын муктаждыгына керек болгон азык-түлүк жана медикомент ташыган, жазгы талаа иштери менен жүргөн унаа каттамдарын үзгүлтүксүз каттоосун көзөмөлгө алуу менен бирге, башка эч кандай зарыл себептери жок каттап жаткан унаалардын каттамына чектөө киргизип, аларга мыйзам чегинде чараларды көрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Ысык-Көл ОИИБы боючна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жарандарды одоно жол кыймыл эрежелерин бузбоого, себеби, жөнү жок унаа башкарбоого чакырат жана мыйзам бузган жол кыймылынын катышуучуларына жана “Өзгөчө кырдаал” тартибин бузгандарга мыйзам чегинде чара көрүлө тургандыгын эске салат.