Шаардын саламаттыгы жана экологиясын оңдоо үчүн, Миландыктар автомобилдердин санын кыскартып, жөө жүргөндөрдү, велосипед жолчолорун жана коомдук унааларда жүрө турган болууда.

 Карантин мезгилинде абанын тазарганын көрүп, шаар ушундай чечимге келген. Бул тууралуу, Newis.mail.ru жазып чыкты. Буга чейин,Түндүк Италия —  Европадагы абасы эң булганган аймактардан болуп келген. Карантиндин мезгилинде өлкөнүн абасы абдан тазарганы байкалган. Миландыктарга бул аябай жаккандыктан автоунаалардан баш тартуу чечимине келишкен.

Эми шаардыктар, жайы менен, шаардын 35 чакырым көчөсүн өзгөртүп, жөө жүрүүчү зоналар кеңейтилип, кошумча велосипед жолдору пайда болоорун пландаштырууда. Ал эми автоунаалар жүрө турган жолдордо унаанын ылдамдыгы саатына 30 чакырымга чейин чектелет.

Учурда Милан шаарында 1,4 миллион киши жашайт. Алардын жарымынан көбү коомдук унааны пайдаланышат.